Президент Жээнбеков ЕАЭБдин жыйынына катышты (видео)

1650

Бирдиктүү рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттардын болушун жана Евразия Экономикалык биримдигинин алкагында продукциянын эркин жылып жүрүүсүн камсыздоо керек. Мындан тышкары, товарларды маркировкалоо максатында санариптик технологияларды ишке ашыруу, Евразия комиссиясынын мекемелериндеги бюрократияны азайтуу зарыл. Булар тууралуу кечээ ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары Сочи шаарында өткөн жолугушууда макулдашышты. Товар жүгүртүүнүн көбөйүүсү, кызматтардын түрлөрү арбын боло баштаганы сыяктуу айрым ийгиликтерден тышкары, маселелер дагы бар экени айтылды. Мисалы, адилет жана тең укуктуу атаандаштыкка шарт түзүп, биримдиктин мүчөлөрү бири-бирине тоскоолдук жаратпашы керектиги белгиленди.