Президент «Жеткиликтүү турак жай» программасынын ишке ашырылышы менен таанышты

808

8-10 пайыздык мамлекеттик ипотекалык насыя бюджетте иштегендер үчүн оорчулук жаратууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Адылбек Касымалиев менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевге айтып, процентти азайтуунун жолдорун табууну тапшырды.

Өлкө башчысы ипотекалык кредиттин негизги булагы бюджеттик каражаттар экенин белгилеп, Каржы министрлигине Мамлекеттик ипотекалык компанияны үзгүлтүксүз жана толугу менен каржылоону камсыздоону сунуштады. Аткаминерлер ченди 6 пайызга чейин акырындап түшүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Ошондой эле, президент бюджеттик эмес тармакта иштегендерге да ипотекага турак-жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду.