Президент Жогорку Кеңештеги өкүлүн алмаштырды

711

Өлкө башчысынын буйругуна ылайык, Молдакун Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Курманбек Дыйканбаев дайындалды. Ал Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштагы депутаты болгон.

Бүгүн Дыйканбаевди президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев парламентте эл өкүлдөрүнө тааныштырды.