Президент калпак кийгенге мелдеттендирилсин! (видео)

836

Президент, премьер-министр, төрага чет өлкөлөрдө болгон расмий иш сапарларда ак калпак кийүүгө милдеттүү болушат! Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленди. Алар менен катар эле Кыргызстандын атынан барган расмий делегациялардын мүчөлөрү да улуттук баш кийимди кийип жүрүүгө тийиш. Сунушталган документке ылайык, ак калпак мамлекеттик символдордун катарына киргизилиши керек. Ак калпакты сактоо жана коргоого багытталган мыйзам долбооруна ылайык, улуттук баш кийимди мазактаган адамдар жоопкерчиликке тартылат. Азырынча буга жол бергендерге кандай чара көрүлөт — белгисиз. Документти ишке ашыруунун так механимздери иштелип чыга элек.