Президент Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаковду кабыл алды

951

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын коргоо министри, генерал-полковник Сакен Жасузаковду кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев да катышты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык терроризмге жана Борбор Азия регионунун коопсуздугуна шек келтирген башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Ал эми Казакстан коргоо министри аны кабыл алганы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн аскерий ведомстволору Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери аныктаган багыттарда кызматташа турганын белгиледи. «Бекем коопсуздукту камсыз кылуу ишинде чакырыктарга жана коркунучтарга жалгыздап каршы туруу мүмкүн эмес. Бизди коопсуздукту камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо боюнча биргелешип иштөө күтөт», — деп билдирди Сакен Жасузаков.

Белгилей кетсек, Казакстандын коргоо министри Кыргызстанга «Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда аскердик чалгындоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө» макулдашууга кол коюу үчүн келген.