Президент Конституциялык реформага барабы? (видео)

724

Өлкөбүз өз алдынча болгондон бери, реформа деген сөз оозубуздан түшпөй келе жатат. Ар тараптан жаңыланып-өзгөрүүгө тынымсыз аракеттенип келебиз. Өткөн жумада, дагы бир реформанын зарылчылыгы айтыла баштады. Өкмөттүн жана парламенттин мурдагы жетекчилери менен болгон президенттин жолугушуусунда, кыргыз саясатынын аксакалы Медаткан Шеримкулов конституцияны жаңылоо керектигин айтып чыкты.

Аны улай, бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун алгачкы бир жылдык ишине канааттанган курултайда дагы сөз болду. Анын жыйынтыктоочу чечиминде, 2019-жылдын 7-апрелине чейин кеңешме чогултуп, өлкөнүн башкы мыйзамын өзгөртүүнү баштоо талабы жазылган. 25 жылдан бери Кыргызстандын конституциясы 9 жолу өзгөртүлдү. Ар дайым, анын мурдагы варианты туура эмес болуп калганы айтылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат, деп оңдолуп жатты. Өзгөргөн сайын, бийлик бутактарынын биринин ыйгарым укуктары көбүнчө президенттики күчөтүлүп келди. Азыр дагы, эки жыл мурдагы конституциялык реформанын кесепеттерин жоюу керектиги айтылууда. Биринчи баш мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алган «легендарлуу парламенттин» төрагасынын айтымында, Кыргызстан же толугу менен парламенттик, же толук кандуу президенттик башкарууга өтүшү керек. Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болгондон бери өлкөнүн келечеги парламентаризм экенин ар дайым айтып келүүдө.

Өлкөбүздүн соңку 25 жылдык тарыхы көрсөткөндөй биздин бийлик мыйзам менен жашагысы келбей калганда, ал мыйзамдарды өзгөртө баштайт. Айрым юристтердин пикиринде, азыркы конституцияда, ал тургай анын буга чейинки редакциясында дагы жазылган ченемдер так, бурмаланбай аткарылса эле мамлекет парламенттик башкаруунун жолуна түшмөк. Биз мыйзамдарды жазганды үйрөнүп, бирок аларга баш ийгенге үйрөнө албай жаткандайбыз. Саясий маданияты, мамлекеттик башкаруу институттары биздикинен кыйла өнүккөн өлкөнүн башчысы мындан 150 жыл мурда айткандай начар мыйзамдар жана мыкты жетекчилер менен өлкөнү башкарса болот. Бирок, чиновниктер начар болсо анда эң мыкты мыйзамдар дагы жардам бере албайт.