Президент коррупция менен күрөшүүнүн жолдорун сунуштады (видео)

739

Сот, укук коргоо, көзөмөл органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөлүк компаниялардын баалуу кагаздарын, акцияларын сатып алууга тыюу салынат. Алар өкмөт аныктаган банктарда гана эсеп ачууга милдеттендирилип, туугандары накталай акчага 100 миң сомго чейин гана сатып алууларды жүргүзө алышат. Муну менен күч түзүмдөрүндө иштегендердин киреше-чыгашалары өзгөчө көзөмөлдө болот. Мындай чаралар Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечиминде жазылган. Ошондой эле, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка бирөөнүн мүлкүн пайдаланууга тыюу салынат. Ал эми коррупцияга аралашып, мамлекеттик менчикти уурдагандар мамлекет тарабынан берилген бардык жеңилдиктерден жана социалдык кепилдиктерден ажыратылат. Алар иштен бошотулуп гана жоопкерчиликтен кутулбастан, сөзсүз түрдө камакка алынат.