Президент криминалга көз жумган адамдарга жинденди (видео)

622

Коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт! Бул тууралуу Жогорку Кеңеште кыргызстандыктарга кайрылуу жасап жатып, президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт, дейт мамлекет башчысы. Жемкорлукту ооздуктоо үчүн парламенттин колдоосу зарыл экени дагы айтылды. Сооронбай Жээнбеков кайсы коррупционер кармалбасын, аны бошотуп коюуну суранып, кайрылган депутаттар жана саясий топтор бар экенин да ачык эле айтты. Мамлекет башчысы дагы кандай олуттуу маселелерге токтолду?