Президент Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды

688

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы жоокерлердин физикалык даярдыгы жана армиянын техникалык жабдылуусу менен кошо аскер кызматкерлери ыңгайлуу жашоого татыктуу шарттар менен камсыз болуусу зарылдыгын белгиледи. Бүгүн мамлекет бул багытта активдүү саясатты жүргүзүп жатат. Жыл өткөн сайын аскер кызматкерлеринин социалдык шарты жакшырып жатат.

«Бүгүн, жалпысынан алганда 2481 квартиралуу 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 квартиралуу 22 объекттин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы квартиранын ачкычтары тапшырылат. Бул мен үчүн абдан жагымдуу иш-чара», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ден-соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификатты белекке тартуулап, жаңы квартираларды карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.