Президент кыргыз экономикасына инвестиция салууга чакырды (видео)

714

Кыргызстан чет элдик ишкерлер үчүн бардык ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Индия бизнес форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анда мамлекет башчысы чет өлкөлүк ишкерлерге кайрылып, кыргыз экономикасына инвестиция салууга чакырды. Бул жыйынга Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да катышты. Иш-чарага Делиден 30дай ишкер келсе, Бишкектен 150дөй бизнесмен болду.