Президент кытайлык кыргыздар жөнүндө эмне дейт? (видео)

1137

Кытай Эл Республикасындагы улуттук азчылыкты түзгөн жарандардын камакка алуунуусу тууралуу кабарлар «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүн тынчтык акциясына чыгуусуна түрткү болду. Алар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чогулуп, 2 барактан турган кайрылуу катын элчиликтин кызматкерлерине тапшырды.

Анда коңшу өлкөдөгү тарбиялоочу лагерлердеги кыргыз улутундагы ар бир кытай жаранын камакка алуу себеби, алардын мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтууну өтүнүшкөн. Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков, басма-сөз жыйынында бул багытта дипломатиялык каналдар аркылуу иш жүрүп жатканын билдирген.