Президент Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасын кабыл алды

1014

Мамлекеттик чек арага жакын жашаган жергиликтүү тургундардын чек арадан көзөмөлсүз өтүп кетүүсүнө жол бербеш үчүн уюштуруу иштерин жакшыртып, техникалык мүнөздөгү чараларды көрүү зарыл. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алып жатып билдирди.

Анда башкы чек арачы мамлекет башчысына чек араны күзөтүү жана коргоо боюнча ошондой эле, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жакында болуп өткөн окуяларга байланыштуу абал боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде президент чек арада ар түрдүү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырды. Мындан тышкары, кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорттун көп топтолушуна жол бербөө иш-чараларын улантуу тапшырмасы берилди.

Бул жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен президенттин кеңешчиси Жеңиш Разаков дагы катышышты.