Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (видео)

4386

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырды. Жогорку даражадагы сыйлыктар көп жылдар бою мээнеттенип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга ыйгарылды.

Бүткүл эмгек жолун Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлүшүнө арнаган Абдиваит Тажибаев педагог катары көптөгөн жаштарды тарбиялаган Роза Айтматова, комузчу, обончу, театр жана кино актеру Табылды Актан жана профессор Өскөн Осмоновдор «Манас» ордени менен сыйланышты. Ошондой эле, элине эмгеги сиңген дагы бир катар адамдарга «Даңк» ордени жана ардак грамоталары берилди.