Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгы электрондоштурулууда (видео)

797

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы күйүүчү майга кеткен чыгымды үнөмдөөгө киришти. Мамлекеттик ишкана ал үчүн бардык унааларга ЖПС-навигатор орното баштады. Учурда гаражда турган 233 унаанын дээрлик жарымына мындай жабдыктар коюлган.

Муну менен транспорт кайсы жерге барганы тууралуу бардык маалыматтарды билүүгө мүмкүн болот. Бул долбоор «аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата ишке ашып, баш-аягы 3 миллион сом коротулганы маалым болду.