Президент өлкөнүн ММК жетекчилери менен жолугушту (видео)

836

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий ишке киргенден тарта алгачкы жолу журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш-чарага өлкөдөгү 40 маалымдоо каражатынын жетекчилери жана өкүлдөрү чакырылган. Иш-чаранын алдында президент жолугушууга келген аял жетекчилерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга гүл тапшырды. Мамлекет башчынын маалымдоо каражаттарынан жетекчилери менен жолугушуусу «суроо-жооп» форматында өтүп, анын алкагында президентке бир топ суроолор берилди. Алар көбүнесе кадрдык орун алмашуулар, өлкөнүн тышкы саясаты жана албетте сөз эркиндиги туурасында болду. Эске салсак, 3 күн мурда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматына киришкенине 100 күн болду.