Президент Өзгөндөгү көчкүдө жабыркагандарга 200 миң сом берди

926

Президент Алмазбек Атамбаев Ош областына иш сапары менен барып, анда Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркагандардын абалы менен таанышып, аларга 200 миң сомдук жардам берди. Жолугушуу кырсык болгон аймактагылар көчүрүлгөн Ынтымак жаңы конушунда болуп, анда табият кырсыгында набыт болгондорго куран түшүрүлдү.

Эске салсак, быйыл 29-апрелде, Өзгөндүн Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчүп, жети үйдү басып калып, 24 адам набыт болгон. Мамлекет башчынын иш сапары Чоң-Алайда уланат. Ал жакта быйыл 3-5-майда жер титирөө болуп, ондогон турак-жайлар жабыркап, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. Миңге жакын тургун чатырларга көчүрүлгөн болчу.