Президент парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга каршы

844

Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу пресс-конференциясында билдирди. Анда эл аралык мамиледен баштап, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу суроолор узатылды. Мамлекет жетекчисинин айтымында, ал алты жыл өлкөнү башкарып абдан чарчады.

Инаугурациядан кийин 3-4 жумага чет өлкөгө барып эс алаарын билдирди. Атамбаевдин билдирүүсүндө, Кыргызстанда сот реформасы ишке ашып жатат. Коомчулукта талкууланып жаткан мөңгү маселеси дагы көтөрүлүп, президент мыйзам-долбоору анын колуна келгенин учурда изилдеп, анан чечим кабыл алаарын айтты.