Президент С. Жээнбеков 12-кичирайонго келди (видео)

1377

Курулдуу күчтөрдүн күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлери үчүн салынган жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. 54 офицерге 2-3 бөлмөлүү үйлөр берилди. Мамлекет башчысы аларды куттуктап, ден-соолукту чындоо үчүн спорт аянтчасын курууга 300 миң сомдук сертификатты белекке тартуулады. Ошондой эле, президент жыл өткөн сайын аскер кызматкерлеринин социалдык шарты жакшырып жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы белгилегендей, 2481 батирлүү 77 үйдүн курулушу аяктаган. Азыркы учурда дагы 1250 квартиралүү 22 объектинин курулушу жүрүп жатат.