Президент Сооронбай Жээнбеков Бакир Таировду кабыл алды

761

Жолугушууда кызматтын коррупция жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ишмердигинин натыйжалары, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы xечимин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Мамлекет башчысы бардык багыттар боюнча оперативдүү иштин көрсөткүчтөрү төмөндөгөнүн белгилеп, өзгөчө өлкөнүн аймактарында коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды ачуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

«Тажрыйбанын жоктугу же кесипкөйлүктүн төмөндүгү тергөө иштерин өз убагында жана сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө тоскоол болууда. Дал ушул кесипкөйлүк жактан финансы полициясынын кызматкерлерине ишкерлер тарабынан нааразычылыктар болууда», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы финансы полициясы органдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөн экендигине токтолуп, бул иш кызматтын негизги милдетинин бири экенин эске салды.