Президент Сооронбай Жээнбеков БУУда сөз сүйлөдү (видео)

785

Акыркы он жылда Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу практикасы жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын көрсөттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын трибунасында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы бийик трибунадан Кыргызстан элине кайрылып, биримдикти сактоого чакырды. Улут аралык достук, ар бир жарандын өлкөнүн тагдырына жооптуу мамилеси ийгиликтин негизи болот, деди президент. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөйт жана муну 2020-жылы боло турган шайлоодо дагы бир ирет ырастайт.