Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

3761

«Баарыңыздарды тартипти катуу сактап, жоопкерчиликтүү болууга чакырам». Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, анда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турганын билдирди. Дүйнөнү каптаган сыноодон Кыргызстан темирдей бекем тартип жана жогорку жоопкерчилик менен жеңип чыгат.

Учурда өлкөдө азык-түлүк жетиштүү жана кооптонууга себеп жок. Атайын дүрбөлөң салып, чайкоочулук кылып тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр, мыйзам алдында жооп беришет. Эң негизгиси ар бир жаран жоопкерчиликти сезе билүүсү керек. Бул сыноодон адамдык сапатыбызга, улуттук ар намысыбызга шек келтирбей, абийирдүүлүк менен өтөбүз», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.