Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрди кабыл алды

819

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Өкмөт башчысы президентке үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди. Индексациядан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт.

Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө жана төлөгөн камсыздандыруу акыларына жараша пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 7ден 18 пайызга чейин көбөйөт. Башкача айтканда, пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4 пайызга өсөт. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн жарандарынын алдындагы мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин сапаттуу аткаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошону менен катар 2018-жылдын 1-октябрынан тартып стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк жана жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылат, деп маалымдады.