Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарына учуп кетти

681

Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган салтанаттарга катышат. Сооронбай Жээнбеков иш-чарага Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен барды.

Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган салтанаттан кийин Кыргызстандын президенти бир нече мамлекеттин жетекчилери менен биргеликте Стамбул шаарындагы жаңы эл аралык аба майдандын ачылыш аземине да катышат.