Президент Сооронбай Жээнбеков Замирбек Осмоновду кабыл алды

848

Контрафакт спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу, жашырынып иштеген кумар оюндар жайларын аныктоо, күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташууга каршы иштерди күчөтүү зарыл. Мындай талап президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновго коюлду.

«Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо, алардан акча доолап алуу максаты менен козголуп жатканы боюнча фактылар бар. Жарандардын жана таза иштеген ишкерлердин силердин кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине болгон арыздары токтобой келет. Ошондой эле чакан жана орто ишкерликтин таза иштебеген өкүлдөрүнүн иштерин жаап-жашыруу фактылары дагы бар», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Буга кошумча, президент Каржы полициясына экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча милдеттер жүктөлгөнүн, бирок алардын ишмердүүлүгүн талдоо көрсөткөндөй, жетишсиз болуп жатканы да айтылды.