Президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдыгы (видео)

659

Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысынын кызматына расмий түрдө киришкенине  туура бир жыл болду. 6 жылдык мөөнөттүн биринчи жылынан кийин, жыйынтык чыгаруу албетте эртелик кылат. Ошентсе дагы, бул убакыт аралыгында, Кыргызстандын 5-президенти тандап алган багытты, анын ниетин байкаса болот. Жээнбековдун инаугурациялык сөзүнөн кийинки эң олуттуу билдирүү — анын төрагалыгы астында 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин отуруму болду. Алгачкы чоң үмүт көпчүлүктө ошондо пайда болду.

Буга чейин, коррупция — мамлекеттеги абстракттуу нерсе катары мүнөздөлүп, аны менен күрөшүү дагы абстракттуу, илен-салан жүрүп келген. Эми болсо Сооронбай Жээнбеков ала кушту атынан атап, жемкорлуктун уюгуна айланган конкреттүү мекемелерди атап, аларга каршы согуш жарыялаганын айтты.

Бишкек ТЭЦине байланыштуу ишти иликтөөнүн алкагында, оңдогон ири жетекчиге, алардын арасында мурдагы премьер-министрлерге, шаар мэрлерине, экс-депутттар менен мурдагы министрлерге кылмыш иши козголуп, алардын көпчүлүгү камакка алынды.

Икрамжан Илмиянов коррупцияга каршы согуштагы, азырынча эң ири олжо десе болчудай. Башкы прокуратура, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатуудан түшкөн кирешелер тууралуу маалыматты текшерүүнү Улуттук коопсуздук комитетине тапшырды.

5-президент артыкчылыктуу, деп атаган багыттардын бири – өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү. Албетте айылды бир жылда өнүктүрүп жиберүү мүмкүн эмес. Бул башка тармактардай эле көп жылдык, ырааттуу ишти талап кылат. Сот укуктук реформа, калктын социалдык-экономикалык абалын оңдоо дагы анда-санда жарыялана калчу өнөктүк эмес системалуу, кылдаат, сабаттуу аракеттердин натыйжасы болушу керек.

Сооронбай Жээнбеков калайык-калкка жарыялаган убадаларды, алдына койгон максаттары кыргызстандыктардын үмүтүн жандырса, президенттин өзү үчүн анын бардыгы чоң жоопкерчилик жана оор жүк.