Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйыны (видео)

824

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» резиденциясында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрдү. Ага 84 маалымат каражатынан 177 журналист катышып, башта 2,5 саат деп пландалган пресс-конференция 3,5 сааттан ашык уланды. Белгилей кетчү нерсе, бул жыйын биринчи жолу түз эфирден көрсөтүлдү. Анын жүрүшүндө, мамлекет башчысына өлкөдөгү саясий кырдаалдан тарта бир топ экономикалык долбоорлор жана социалдык маселелер боюнча суроолор берилди.

Ошондой эле, мамлекет башчысына анын тууган-туушкан, куда-сөөктөрүнүн жооптуу кызматтарга келиши, саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевдер жана мурдагы бажычы Раим Матраимов тууралуу жана башка бир топ курч суроолор берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин эмне менен алек болорун да ачыктады.