Президент Темир Жумакадыров менен Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

879

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоолорду өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумуштарды өркүндөтүү чаралары, шайлоолорду  материалдык камсыздоо, анын ичинде  тиешелүү техникалык   жабдуулар менен камсыз кылуу  чаралары  туурасында маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев   президенттик шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүнү жана  өлкөнүн жарандары эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн  Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шарттарды түзүүгө тийиш деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  администрациялык ресурс колдонулуп жатат жана шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу маалыматтарга  ыкчам жооп берип, мындай фактылар  аныкталса, мыйзам бузгандарга карата   мыйзамда каралган бардык чараларды  колдонуу зарыл экендигин белгиледи. “Бул шайлоолор Кыргызстан үчүн, өлкөнүн туруктуулугу жана мындан ары туруктуу өнүгүшү үчүн тарыхый мааниге ээ. Ошондуктан  демократиялуу жана ачык атаандашуу үчүн бардык шарттарды түзүп, максималдуу таза жана ачык шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу абдан маанилүү. Эл тарабынан  аныкталган шайлоолордун жыйынтыктары  өлкөнүн жарандарынын дагы, шайлоонун катышуучуларынын дагы күмөн саноосун жаратпагыдай болушу керек”,- деди  Алмазбек Атамбаев.