Президент учак кырсыгында жакындарынан айрылган балдар менен жолугушту

734

Президент Сооронбай Жээнбеков Дача-Су айылында учак кырсыгында жакындарынан айрылган балдар менен жолугушту. Мамлекет башчысы аларга көңүл айтып, азыркыга чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи. Жабыркагандардын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова кыргызстандыктарга кайгысын тең бөлүшкөнү жана көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Дача СУдагы авиакырсыкта ата-энесинен айрылган 7 балага депозиттик эсептер ачылып, элден чогулган акчадан бөлүнгөн жана Түркия тараптан компенсация иретинде төлөнгөн каражаттар салынган. Акча балдар 18 жашка чыкканга чейин атайын эсептерде сакталып турат. Бүгүн президент менен жолугушуунун соңунда, бөбөктөр белекке планшет алышты.