Президент уран казууга каршы мыйзамга кол койду

2748

Кыргызстанда уран казууга таптакыр тыюу салынды. Тийиштүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документке ылайык, торий кендери чыккан жерлерди издөөгө, чалгындоого да болбойт. Аталган мыйзам 31-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өлкөнүн аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө да жол берилбейт. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин Ысык-Көл областындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу нааразычылыктар күчөп, жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы митингге чыгышкан. Мындан улам, өкмөт «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.