Президент Ысык-Көл мейманканасына көчүрүлөбү? (видео)

891

Ээнсиреп турган Ысык-Көл мейманканасына көз арткан мамлекеттик мекемелер көбөйүүдө. Мындан тышкары, кызыгуусун билдирген 2-3 жеке өнөктөштөр дагы бар. Мейманкананын имараты каралбай калгандыктан, аны оңдоп-түзөө иштерине ири суммадагы каражат талап кылынат. Азырынча инвесторлор табылбай келет. Ал арада, бул конок үйүн президенттин кеңсесине айлантуу демилгеси көтөрүлүүдө. Мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкандыктан өлкө башчыга ыңгайлуу, дешет депутаттар.