Президент жана спортчуларды чет өлкөдө калпак кийүүгө милдеттендирүү сунушталууда

1121

Парламент депутаттары ак калпакты өлкөнүн башка улуттук символдору – мамлекеттик туу, герб жана гимнге теңөөнү сунушташууда. Мыйзам долбоору парламент сайтына жайгаштырылды.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча калпакты президент, төрага жана анын орун басарлары, өкмөт мүчөлөрү расмий иш-чараларда, башка өлкөлөргө барганда жана расмий делегацияларды кабыл алуу учурунда милдеттүү түрдө кийиши керек. “Бул кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын сактоо жана таанытуу максатында” жасалууда.

Документке ылайык, калпакты Кыргызстанды эл аралык мелдештерде тааныткан спорчулар дагы кийүүгө милдеттүү болушат. Мыйзам долбоорунда калпак тигүүгө жана сатууга чектөө киргизүү да каралган.

Мыйзам авторлору калпакты кор кармагандарды жазалоону талап кылышууда. Бирок документте жаза тариптери жазылган эмес.

Мыйзам долбоору мода көргөзмөсүндө итке калпак кийгизилгенден кийинки жаңжалдан соң жарык көрдү. Активисттер бул окуяны кыргыз элин мазактоо жана улут аралык жаңжалды козутуу катары баалашкан.