Президентикке талапкерлердин документтерин кабыл алуу 31-августта аяктайт

1212

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого катышууга бел байлап арыз тапшыргандардын саны азайып, учурда 24 кандидат калды. Эске салсак, мамлекет башчылыкка талапкер болуу үчүн Боршайкомго 59 жаран кайрылган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү билдиргендей, 20 киши кол тамгаларды жана мамлекеттик тил сынагы боюнча сертификат тапшырбаганы үчүн жарыштан четтетилген. Учурда калгандары тапшырган кол тамгалар текшерилип жатат. Алардын канчасы саясий жарышка катышары шайлоого 35 күн калганда билинет.

Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 31-августта аяктайт