Президентке даттанган ишкерлер көбөйдү (видео)

1181

Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү мекемелердин иш-аракетине даттангандар көбөйүүдө. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, 8-февралдагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынындагы президент Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсүнөн кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жабыркаган жарандар чоочулабай кайрыла башташкан. Ошондой эле Сагынбаев, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, Чолпон-Атадагы ат майданды куруу жана Улуттук тарых музейин оңдоо боюнча Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп жатканын кабарлады.