Президентке жаңы учак керек (видео)

590

Мамлекет башчысын, Кыргызстандын расмий делегацияларын ташыган учакты тез арада жаңылоо зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айрым эл өкүлдөрү айтып чыгышты. Депутаттар ТУ-154 аба кемесинин эскилиги жеткендиктен анын абалы мамлекеттик деңгээлде коркунуч жаратып жатканын белгилешти.

Айрым депутаттар болсо өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиевди Баткендеги Зардалы айылына барып келүүсүн талап кылышты. Ал аймакта жашагандардын жашоо шарттары өтө начар экени айтылды. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ири өрт кырсыктары көбөйүп жатышы да, дыкат иликтениши керек, дешет эл өкүлдөрү.