Президенттик шайлоо референдум менен бирге өткөрүлөбү? (видео)

3597

Президенттикке талапкерлердин кол тамгасын текшерүү башталды. БШК, Мамлекеттик каттоо кызматы жана соттук экспертизанын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ 8 күндүн ичинде жыйынтыгын чыгарышы керек. Ага жараша дагы канча талапкер саясий жарыштан четтетиле турганы белгилүү болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалымат боюнча, дагы 11 кандитат өз каалоосу менен саясий өнөктүккө катышуудан баш тартты. Бүгүнкүгө карата 20 талапкер гана калды. Алар элден чогулган кол тамганы тапшырып, шайлоо күрөөсүн төккөндөр. 10-январда президенттик шайлоого даярдыктар кандай жүрүүдө жана ошол эле күнү референдумду кошо өткөрүү демилгеси кандай кабыл алынууда?