Президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда (видео)

1704

Бүгүн түнкү саат 12ден тарта президенттикке талапкерлер үгүт иштерин башташат. Ал 9-январга чейин созулат. Бул жолку өнөктүк буга чейинкилерден бир топ айырмаланат. Алсак, атаандаштык жалгыз гана кандидаттар арасында эмес, мамлекеттик башкаруунун 2 формасын үгүттөгөн демилгелүү топтор ортосунда да болот.

Алар да ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу БШКга катталышы керек. 10-январда президенттик шайлоо менен катар эле референдум өткөрүлө тургандыктан 2 бюллетень даярдалмай болду. Анын тексти жана формасы бир жуманын ичинде бекитилет. Кош шайлоого карата кандай даярдыктар жүрүүдө?