Президенттик шайлоого катыша турган алгачкы талапкердин документин каттады

3754

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоого катыша турган алгачкы талапкердин документин каттады. Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.

БШК эскерткендей, мамлекет башчы болууну каалагандар 14-ноябрга чейин арыз менен кайрылышы керек. Ошондой эле алар 6-декабрга чейин бардык тийиштүү документтерди тапшыруу менен эле бирге 1 миллион сом күрөөнү төгүшү шарт.

10-январга деп белгиленген президенттик шайлоого катышууга белсенгендердин бири — учурда мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров. Ал саясий өнөктүккө катышуу үчүн декабрдын башында президенттик кызматтан баш тартаарын билдирген эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.