Президенттик шайлоону өткөрүүгө 670 млн сом каралган

827

Өлкөдө президенттик шайлоонү өткөрүүгө 670 миллион сомдон (10 млн долларга жакын) ашык каражат каралган. Бул тууралуу 11-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын жана өкмөттүн шайлоого камылгалары боюнча маалыматтар айтылды. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдыдагы шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 670 миллион сомдон ашык каражат каралганын билдирди. Айтымында, бул сумманын 538 миллион сому биринчи айлампага, калганы зарыл болсо экинчи айлампага жумшалат.

БШК башчысы Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин 5-октябрга чейин жарыялай тургандыгын кошумчалады. Ал ошондой эле добуштарды саноонун программасы жакшыртылганын жана тестирлөөдөн өткөндөн кийин ал коомчулукка, талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, көз карандысыз эксперттер менен ММК өкүлдөрүнө тааныштырыла турганын белгиледи:

«Система объективдүү, автоматтык режимде иштейт жана добуш берүүнүн так жыйынтыктарын алууга мүмкүндүк берет. Сырттан жыйынтыктарга таасир этүү боюнча эч кандай аракеттерди көрүүгө мүмкүн эмес», — деди Нуржан Шайлдабекова. Өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.