Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкты

2981

Президенттик шайлоодо добуш берүү саат 20.00дө аяктап, учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын «shailoo.gov.kg» сайтында электрондук эсеп боюнча добуш берүүлөрдүн алдын-ала жыйынтыгы жарыяланып жатат.

Алдыда Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов келе жатат. Алардын көрсөткүчтөрүн экрандан көрө аласыздар. Бирок бул көрсөткүчтөр Боршайкомдун электрондук эсебине түшкөн маалыматтарга жараша өзгөрүүдө.

Добуш берүүнүн токтогонуна карабастан жер-жерлерден мыйзам бузуулар боюнча видео материалдар келип түшүүдө. Бул видеодо көрүнүп тургандай, шайлоо комиссиясынын өкүлү шайлоочунун кимге белги коюп жатканын текшерип жатат.

Ал эми мыйзамдагы талапка ылайык, добуш берүүнүн купуялуулугун бузгандар кылмыш жообуна тартылып, 2 жылга чейин эркинен ажыратылуусу тийиш.