Президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды (видео)

776

Кыргызстанда үгүт иштери башталды. Талапкерлерге 14-октябрга чейин шайлоочуларга өз программасы менен тааныштырууга убакыт берилет. Учурда каттоодон 13 талапкер өттү. Тактап айтканда, мурдагы президенттик шайлоого караганда бюллетенге аты жазыла турган кандидаттардын саны бул жолу кыйла аз. Бирок талапкер боло албай калган 3 адам Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошууда. Алардын экөө кол топтоо барактары жараксыз деп табылгандыгы үчүн жарышка катышпай калды. Бир талапкер мурда соттолуп, анысы жоюла электигиүчүн шайлоодон четтетилди.