Президенттик жарышка ат салышуу ниетин билдиргендер (видео)

3696

Президенттик шайлоого дагы 2 талапкер катышуу ниетин билдирди. Ошону менен президенттик жарышка катышууга расмий кайрылгандардын саны жетиге жетти. Ошол эле маалда Жогорку Кеңеш тарабынан “Шайлоо тууралуу” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр президенттин милдетин аткаруучу тарабынан колдоо таба элек.

Документке ылайык, эми форма-2 арызынын негизинде шайлоо тилкелерин алмаштырганга жол берилбейт. Бирок бул ченем көп жарандарды добуш берүү укугунан ажыратышы мүмкүн. Белгилей кетсек, 10-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын-ала тизмеси жарыяланышы керек.