Президенттик жарышка чыккандардын саны 2 эсеге кыскарды (видео)

942

Күздөгү шайлоого аттанган 59 адамдын төртөө расмий түрдө талапкер деген мандат алышты. Ал эми 24 кандидаттын тиешелүү документтери текшерилип жатат. Калгандары шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышса, башкалары күрөө акысын төлөбөй, мурда соттолгону же мамлекеттик тилди жетишээрлик деңгээлде билбеген үчүн жарыштан четтеген. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 31-августта аяктайт. Ал эми расмий каттоо иштери 9-сентябрда жыйынтыкталат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталмакчы.