Президенттик жарыштан канча талапкер баш тартты? (видео)

861

Массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө терс мамиле президенттик шайлоо учурунда да кайталанбашы үчүн Кара-Суу шаарындагы окуяны тартип сакчылары акыйкат териштирип, күнөөлүүлөрдү жазалашы керек. Бул тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрү айтышууда. Алардын билдирүүсүндө, журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылып, коркутууга алуу — жакшылыкка алып келбейт. Алдыдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулардан тышкары, эл аралык адистер дагы көз салганы турат. Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясынан 115 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн. Алар КМШнын жана ЕККУнун өкүлдөрү. Ошондой эле, «Жарандык платформа» коомдук уюмунун узак жана кыска мөөнөттүү байкоочулары иш алып барууда.