Президенттикке аттанган талапкерлердин тизмеси узарууда (видео)

2134

Кечээ түштөн кийинки саат 16:00гө карата алардын саны 5ке жетти. Кандидаттардын эң улуусу 60ка таяп калса, кичүүсү 39да. Арасында саясатчыдан тарта дарыгер, экономист, экс-губернатор, ал тургай, өзүн «аалам президенти» катары эсептегендер да бар.

5 талапкер тең кайсы бир саясий партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөткөндөр. Баары буга чейинки президенттик шайлоого ат салышып жүргөндөрү менен элдин эсинде.