Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 30дан ашты (видео)

2808

Бүгүн дагы БШКга саясий өнөктүккө катышуу максатында бир нече арыз түштү. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттарынан тарта, жумушсуз жүргөндөргө чейин бар. Ошол эле убакта, саясий жарыштан баш тарткандар дагы жок эмес.

Буга чейин талапкерлигин койгон саясат таануучу Бакыт Бакетаев Боршайкомго тапшырган документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылган. Президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин, тагыраагы, эртең түнкү саат 12ге чейин арыз тапшырышы керек. Өлкөнү башкарууга аттангандардын шайлоого даярдыгы кандай?