Президенттикке жана депутаттыкка талапкерге талап күчөтүлөбү? (видео)

900

Мамлекетти башкарып же эл өкүлү болом десең — мыйзамды бузба, жогорку билимдүү бол. Парламентте «президент жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга айрым чектөөлөрдү киргизген документ талкууланып жатат. Анда мурда соттолгондор шайлоого талапкер катары катыша албайт деген норма киргизилген.

Ошондой эле, кандидат сөзсүз жогорку билимге ээ болушу керек. Бул маселе учурда коомчулукта кызуу талкууланууда. Айрымдар бул мыйзам камактагы саясатчыларды шайлоого катыштырбоонун айласы деп чыгышты. Бирок демилгечилер муну менен макул эмес. Соттолуп, кийин актыгын далилдегендерге чектөөлөр жок.