Президенттин катышуусундагы жаңы жылдык майрам (видео)

1376

Кыргыз Улуттук филармониясындагы салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун бала келген. Алар үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылып көрсөтүлдү. Президенттик балатыга чакырылгандардын арасында мыкты окуучулар, активдүү балдар, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар.

Ошондой эле, майрамдык иш-чарага Кыргызстанга көчүрүлүп келген Памирлик кыргыздардын балдары да катышты. Президент Сооронбай Жээнбековго балдардын атынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн «кызыл алманын формасындагы» кийизден жасалган белек тапшырылды. Мамлекет башчысы дагы балдарга өзүнүн атынан белектерин тапшырып, аларды жаңы жылы менен куттуктады.