Президенттин жарандык коом өкүлдөрү менен болгон жолугушууда козголгон маселелер

682

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева президенттин жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусунда тогуз маселе боюнча сөз кылганын билдирди.

Эске сала кетсек, 19-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 40ка жакын укук коргоочулар менен активисттерди кабыл алып, 4 саат сүйлөштү. Ал өлкөдөгү негизги маселелерди чечүүдө аларга таянгысы келерин айткан.

Ал эми Уметалиева тогуз маселенин арасында, өзгөчө көңүл мигранттардын укутарына жана миграция маселесине бөлүнүп, суу жана мамлекеттин коопсуздугун айтып, Сооронбай Жээнбековду саясий мунапыс жарыялоого чакырганын билдирди.