Профсоюзная көчөсүндөгү 3 үй түрттүрүлөбү? (видео)

672

Бишкектин Профсоюзная көчөсүндөгү үйлөрү түрттүрүлө турган жашоочулар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митинге чыгышты. Алар шаар жетекчилигин мындай кадамга бараардан мурда, мыйзамсыз жер сатып качып кеткен Бактыгүл аттуу аялды жоопкерчиликке тартууну жана 3 үй-бүлөнү турак-жайсыз калтырар алдында, жер маселесин чечип берүүнү талап кылып жатышат.

Эске салсак, өткөн жума күнү сот аткаруучулар Жогорку соттун чечиминин негизинде келип, муниципалдык автобазага барчу жолду бөгөп калган үйлөрдүн биринин дарбазасын бузуп кетишкен. Дагы эки үй түрттүрүлөт экен. Ал эми жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү бул жерге там салуу мыйзамсыз экенин, үйдүн пайдубалы курулганда эле эскерткенбиз дешет.