Прокуратура: Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим жокко чыгарылышы керек

1954

Башкы прокуратура Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Мекеме белгилегендей, Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары райондук соттордун митингдерди чектөө тууралуу чечимдерине каршы сунушун берип, шаардык прокуратура мэриянын 4-марттагы токтомунда айтылгандарга каршылык билдирди.

Прокуратура жарандардын митинг, жүрүш жана башка иш-чараларды өткөрүү укугун чектөө тууралуу талаптар жана райондук соттор чыгарган чечимдер негизсиз жана жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондук акимчиликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынганы айтылган.

8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо маршы кармоолор менен аяктады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.